Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

БУУнун өкүлү: Косоводогу кырдаал курчушу ыктымал


Улуттар уюмунун жогорку өкүлү Косоводогу кырдаал курчушу мүмкүн деп эскертти. Косово боюнча атайын өкүл Фарид Зариф БУУнун Коопсуздук Кеңешинде чыгып сүйлөп, абал кооптуу, окуялар кандай нукта өнүгүп кетээрин айтуу кыйын экенин билдирди. Июлдун соңунда албандар менен сербдердин кагылышуулары орун алган эле. Коопсуздук кеңешинин Нью-Йорктогу жыйынына катышкан Сербиянын тышкы иштер министри Вук Йеремич да региондогу кырдаал бейстабилдүү жана коопту болуп баратканын белгиледи. Министр ошондой эле Хашим Тачи баш болгон Косовонун жогорку жетекчилигинин адам органдарынын аткезчилигине катыштыгын жакшылап текшерүү керектигин айтты. Бир нече күн мурун Европа Биримдигинин мыйзам эрежеси боюнча миссиясы америкалык прокурорду адам органдарынын аткезчилигин тергей турган топтун башчысы кылып дайындаган.

XS
SM
MD
LG