Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов билдиргендей, 31-августта түшкө маал Бишкек-Ош жолунун Токтогул районундагы бөлүгүндө Volkswagen Passat менен Mercedes үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышып, анда үч адам каза болду. Алардын ичинде үч жаштагы өспүрүм бар. Мындан тышкары дагы үч адам жаракат алышты.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2011-жылдын алты айында 1927 жол кырсыгы катталган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 50гө көптүк кылат. Быйыл жыл башынан бери жол кырсыктарынан 379 адам каза болуп, 2634 адам жаракат алган. Жол кырсыктарынын 47 пайызы түнкү мезгилге туура келет.
Бүгүн Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө көңүлүн буруп, аларды алдын алуу үчүн тийиштүү органдарды чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырышты. (KKs)