Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Шайлоо бекеттери маселеси кайра көтөрүлүүдө


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков бүгүнкү парламенттин жыйынында билдиргендей, президенттик шайлоо алдында шайлоо бекеттеринин кыскарганына байланыштуу чет өлкөдөгү кыргыз атуулдары нааразылык билдирип жатышат. Мындан улам спикер бул кайрылууларды парламенттин тиешелүү комитети карап чыгып, Боршайком кандайдыр бир чечим кабыл алышы керектигин белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы буга чейин билдиргендей, 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоо үчүн Кыргызстандан тышкары 23 өлкөдө 29 шайлоо бекети ачылат. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, шайлоо учурунда чет өлкөдө Кыргызстандын элчилиги жана консулдуктарында гана добуш берүү болот. Ал эми Кыргызстандын элчилик же консундугу жок шаарда жашаган жарандар же мекенине келип, же жакын жайгашкан консулдукка барып добуш бере алат. Ал үчүн мурдатан ошол консулдукта каттоодон өтүүгө тийиш.

Былтыр күздөгү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет өлкөлөрдө 44 шайлоо түйүнү ачылган. Бул шайлоодо шайлоо бекеттеринин санынын кыскарышы бир катар саясий партиялардын, чет өлкөдөгү кыргыз атуулдарынан түзүлгөн уюмдардын нааразылыгын жаратып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG