Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Баткенде кара май аткезчилиги уланууда


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев парламенттин бүгүнкү жыйынында ачыктады. Анын айтымында, Кыргызстандагы күйүүчү майлар Баткен аймагы аркылуу дале болсо коңшу Тажикистанга ташылып кетүүдө.

“Орто эсеп менен кыргыз чек арасынан күнүнө 800 тонна күйүүчү май өтүп жатат. Мындан улам күйүүчү майды бажы төлөмүсүз алуу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишим бузулууда”,-дейт Ташиев.

Буга чейин кыргыз өкмөтү күйүүчү май аткезчилигине бөгөт коюу үчүн Чек ара жана Бажы кызматы өңдүү мекемелерге катуу тапшырма берген болчу. Аткезчилик токтобосо, жетекчилер жоопко тартылаары да эскертилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG