Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Сотторду тазалоо кыймылы кайрадан акцияга чыгат


Сотторду тазалоо кыймылы 5-сентябрда Бишкектеги Ак үй алдына кайрадан нааразылык митингин уюштурууну көздөөдө. Аталган кыймылдын мүчөсү Каныбек Сарымсаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, алар Сотторду тандоо кеңешин таркатуу өтүнүчүн буга чейин бир нече ирээт билдиришкенине карабастан, бул талаптары аткарылбай жатат. Мындан улам кыймыл Сотторду тандоо кенешин тандаган судьялардын айрымдарын жактырган президенттин кызматтан кетишин талап кылып, парламентти таркатуу маселесин көтөргөнү жатышат.

Кыймыл мүчөлөрү Сотторду тандоо кеңешине мурдагы бийлик тушунда таза иштебеген адамдар келип калганын жүйөө кармашууда.

Деген менен мындай айыптоолорду Сотторду тандоо кеңеши четке кагып, кеңештин мүчөлөрү таза эле иштеп жатышканын билдирип келишет.

Ал эми президент Соттордун тандоо кеңеши тарабынан сунушталган судьялар тыкыр каралып, талапка жооп бергендери гана электен өтөөрүн, кеңештин дарегине келип түшкөн сындар так иликтенерин буга чейин жарыялаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG