Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Евробиримдик Ливиянын 28 компаниясына каршы санкцияны жойду


Санкциядан бошотулган компаниялар арасында, банктар, мунай жана газ фирмалары, порттор бар. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон жогорудагы чечимди жарыялап жатып белгилегендей, мунун максаты –утурумдук өкмөттү, Ливиянын элин каржы ресурсу менен камсыздоо жана экономиканын кайрадан иштешине жардам көргөзүү. Чечим Муаммар Каддафинин 40 жылдан ашуун мезгилге созулган бийлиги кулагандан кийинки өлкөнү саясий жана экономикалык жактан кайра курулушун колдоону координациялоо үчүн эл аралык жыйын өтөр алдында кабыл алынды. Парижде француз президенти Николя Саркози жана британ премьер- министри Дэвид Камерон тең төргалык кылуучу жыйынга алтымыштай өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын делегациялары катышат.

Париждеги бүгүнкү жыйын алдында Орусия жана Украина Ливия козголоңчуларынын өкмөтүн тааныды. Франция Ливиянын тоңдурулган активдеринин бир жарым миллиард евросун бошоторун жарыялады.

Бул аралыкта Ливиянын козголоңчулары Каддафинин кичи мекени – Сирт шаарынын багынып берүүсү үчүн мерчемделген убакытты бир аптага узартты. Мурда Каддафиге жантарткан күчтөргө 3-сентябрга чейин багынып берүү сунуш кылынып, болбосо соккуга кабылары эскертилген.

Каддафи болсо өзүнүн соңку билдирүүсүндө жактоочулары багынбасын убада кылып, ал эми ага каршылар арасында ажырым бардыгын белгиледи. Кайда жүргөнү белгисиз Каддафинин билдирүүсүнүн урунттуу учурлары менен эң алгач “ал-Аравия” телеканалы тааныштырды.

XS
SM
MD
LG