Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

АКШ Иракта өткөн айда алгачкы ирет жоготууга учураган жок


Башкача айтканда 2011-жылдын августу АКШ баштаган күчтөр Иракка кирген 2003-жылдын мартынан бери америкалык аскерлер бир да жоготууга учурабаган алгачкы ай болду. Бул тууралуу бүгүн АКШ армиясынын басма сөз өкүлү Анжела Фунаро билдирди. Иракта августа бир дагы америкалык аскер өлбөгөнү менен бул өлкөнүн ички иштер, коргоо, саламаттыкты сактоо министрликтеринин маалыматына караганда, өткөн айдагы кол салууларда жалпысынан 239 ирактык каза тапкан. Алардын 155и жөн-жай тургундар, 45и полицейлер, 39су жоокерлер.

XS
SM
MD
LG