Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Клинтон Асадды бийликтен кетүүгө үндөдү


Сирияда кечээ коопсуздук күчтөрүнүн колунан бери дегенде дагы 5 киши каза тапты. Британияда жйгашкан Сириядагы Адам укуктарын коргоочу уюмдун маалыматына ылайык, 3 киши Хомс чөлкөмүндө набыт кетти. Коопсуздук аскерлери демонстранттарга ок ачканда дагы бир нече киши жараат алды.

Париждеги эл аралык конференцияда жүргөн АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сирия президенти Башар Асадды бийликтен кетүүгө үндөдү:

- Зордук-зомбулук токтоого, президент Асад бийликтен кетүүгө тийиш. Сирияга алдыга жылуу үчүн мүмкүнчүлүк берилиш керек. Биздин бул чакырыбызга үн каткандар эми сөздөн ишке өтүп, Асадга, анын айланасындагыларга кысымды күчөтүүгө тийиш. Сириянын энергетика тармагын бутага алган санкциялар киргизилсе, режим кандуу кампаниясын каржылоо булактарынан айрылат.

БУУнун маалыматы боюнча, нааразылык акциялары башталган март айынан бери Сирияда 2 миң 200дөн ашуу киши мерт кетти.

XS
SM
MD
LG