Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:49

Ажылык сапарды уюштурууга байланышкан жыйын болот


Бишкектеги “Достук” мейманканасынын жыйындар залына Кыргызстан дин башкармалыгы, Ажылык жана Умра борбору, бул борборго көзөмөл кылуучу кеңеш, ЖК депутаттары, транспорт министрлигинин өкүлдөрү жана эксперттер чогулушат. Алар эки: ажылыкка баруучу зыяратчыларды ташуучу аба компаниясы менен келишим түзүү, учак белетинин баасын тактоо маселесин карашат. Мындан тышкары муфтий Чубак ажы Жалилов Орозо айт жана башка маселелер тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берет деп маалымдашты муфтияттан “Азаттыкка”.
Кечээ “Таза дин үчүн” коомдук бирикмеси маалымат жыйынын өткөрүп, муфтият ажылык сапарды уюштурууда жол акысын 650 долларга кымбат алып жатат деп айыптаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG