Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Журналисттин кармалышына нааразылык акциясы Өзбекстан элчилигинин алдында өтөт


Акциянын уюштуруучуларынын бири Улугбек Бабакуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча өзбекстандык журналист Елена Бондарь 22-август күнү Ташкендеги аэропортто кармалып, камакка алынган. Ал Бишкекте заманбап журналистика боюнча 10 күндүк окуу окуп, үйүнө кайтып барган жеринде өзбек бажычылары кармап, жанындагы видеотасмаларын, флэшкарттарын жана дисктерин экспертиза үчүн алып коюшкан. Елена Бондарга Өзбекстан бажы мыйзамдары боюнча “товарларын декларацияда көрсөткөн эмес” деген айып тагылууда дейт Улугбек Бабакулов.
Нааразылык акциясына Борбор Азиядагы сөз эркиндигин колдогондор, укук коргоочулар жана журналисттер катышары күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG