Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Улуттук биолаборатория куруу маселеси чечиле элек


Бул тууралуу бүгүн Улуттук илимдер академиясынын президенти Шарипа Жоробекова билдирди. Ал лабораториянын айланасында курулай ызы-чуу чыгып кеткендиктен бул маселе чечилбей жаткандыгын, бирок биокоопсуздук жагы да аксап жаткандыгын белгиледи.

Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашмак. Бул лабораториянын курулушун 2011-жылы баштап, 2013-жылы бүткөрүү пландалган.

Лабораториянын курулушуна Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагынан 4 гектар жер бөлүнүп берилген. Буга чейин жарандык коомдун айрым өкүлдөрү биолабораториянын аталган аймакка курулушуна каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөнү маалым. Коомчулуктагы нааразылыктардан улам аны куруу маселеси да токтоп калган. (ЕК)

XS
SM
MD
LG