Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Жогорку Сот курамына талапкерлер беш фракциянын кароосунан өтөт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелер боюнча комитети жыйын өткөрдү. Анда Жогорку Соттун курамына президент сунуштаган 14 адамдын талапкерлиги кароого коюлду. Бирок комитет мүчөлөрү бул маселе кылдат талдоону талап кылгандыктан, адегенде аны парламенттеги 5 фракция ар бири өз жыйындарында карап, бүтүм кабыл алган соң гана комитет кароосуна алып чыгалы деген сунушка келди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жалпы комитет мүчөлөрүнүн добушу менен кабыл алынган чечимге ылайык, президент сунуштаган 14 талапкер боюнча кароо шаршемби, 7-сентябрдагы фракциялар жыйынында каралат. Ошол эле күнү бул маселеге Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелер боюнча комитети дагы бир ирет кайрыла турган болду. (ЕК)

XS
SM
MD
LG