Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Ливияда жаңы бийликтин аскерлери Каддафинин жактоочуларына сокку урган жатат


Ливиянын жаңы бийлиги – Улуттук өткөөл кеңеш менен байланышы бар аскерлер учурда мурдагы лидер Муаммар Каддафиге жантарткан күчтөрдүн акыркы калдыктары чогулган Бани Валид шаарын курчоого алып турушат.

Каддафиге каршы күчтөрдүн аймактагы кол башчысы Мухаммад ал –Фассинин айтымында, каддафичилердин багынып берүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпагандыктан, алар бүгүн кечке жуук бул шаарага чабуул баштамакчы. Ал эми Каддафинин басма сөз өкүлү Мусса Ибрагим Рейтердин кабарчысына Бани Валиддеги негизги уруу багынып бербей турганын билдирди:

-Бир нерсеге силерди ишендирип кете алам. Бани Валид - Ливиядагы эң чоң уруулардын бири жашаган ири шаар. Алар лидерге берилгендигин жарыялаган жана Өткөөл кеңеш менен сүйлөшүү боюнча баардык сунуштарды четке кагышты. Өткөөл кеңештин салам дубайлары Бани Валидде угулган жок.

Утурумдук өкмөттүн күчтөрү Каддафинин жактоочуларын анын кичи мекени Сиртте жана түштүктө, чөлдө жайгашкан Сабха шаарындагы аскерий базада да курчоого алып турушат.

XS
SM
MD
LG