Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Араб Лигасынын башкатчысы Сирияга барат


Набиль ал-Арабинин бүгүн Каирден билдиргенине караганда, ал Сирияга келерки аптада барышы мүмкүн жана бул өлкөнүн бийликтерине соңку кыянатчылыктар боюнча арабдардын тынчыздануусун айтып, алардын көз-карашын угат.

Дамаскты кан төгүүнү токтотууга жана реформа жүргүзүүгө ынандыруу үчүн Араб лигасынын башкатчысы Сирияга баруусу керектигин уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 28-августа колдогон.

Улуттар уюмунун маалыматына караганда, Сирияда элдик толкундоо башталган беш айдан бери полиция жана армия менен кагылыштардан бери дегенде 2200 кишинин өмүрү кыйылды. Бул аралыкта Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары бүгүн белгисиз куралдуу топтун буктурмасына кабылып, алты аскер жана үч жөн-жай тургун каза тапканын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG