Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Транзиттик борборду «Газпром Нефть Аэро» авиакеросин менен камсыздайт


Буга тиешелүү келишим жакынкы күндөрү түзүлөт. Бул тууралуу маалыматты аталган компаниянын башкы директору Владимир Егоров кыргыз өкмөт башчысына жума күнкү жолугушууда маалымдады. Алмазбек Атамбаев «Манас» Транзиттик жүк ташуучу борборун күйүүчү май менен камсыздоо ачыкка чыкканын чоң жетишкендик деп баалап, мурда мындай келишимдер коомчулуктан жашыруун түзүлүп, андан түшкөн пайда жеке адамдардын чөнтөгүнө түшүп келгенин айтып кетти.

Бишкектеги НАТО баштаган антитеррордук коалициянын Транзиттик жүк ташуучу борборун мурда АКШнын «МинаКорп» ишканасы күйүүчү май менен камсыздап келген. Кыргыз өкмөтү бул ишкана мурунку президенттин уулу Максим Бакиев менен байланышы бар деген негизде аны менен кызматташуудан баш тарткан. Орусия менен Кыргызстан «Газпром Нефть Аэро Кыргызстан» биргелешкен ишканасы үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта Транзиттик борборду жана Манас эл аралык аэропортун күйүүчү май менен жабдыйт. «Газпром Нефть Аэро Кыргызстан» ишканасынын 51% акциясы Орусиянын «Газпром Нефть Аэро» компаниясына, калганы кыргыз өкмөтүнө таандык.(ZKo)

XS
SM
MD
LG