Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Египетте мурдакы президентинин соту уланды


83 жаштагы Хосни Мубарак сот залына замбилде алынып келди. Бул 3-августта сот башталгандан берки үчүнчү угуу. Бүгүнкү соттук угуу мурдакыдай сыналгыдан түз көрсөтүлбөйт.

  Египетти 30 жыл бийлеген Мубарак жемсөөлүк кылды жана февралдагы анти-өкмөттүк толкундоолордун жүздөгөн катышуучуларын атууга тиешеси бар деп күнөөлөнүүдө. Ал өзүн акмын деп жатат.
Бүгүн Каирдин четиндеги Полиция академиясынын жанында экс-президенттин ондогон тарапкерлери менен оппонененттери тирешти. Мубарак менен кошо эки уулу, мурдакы ички иштер министри Хабиб ал-Адли жана полициянын даражалуу алты чиновниги соттолууда.

 

XS
SM
MD
LG