Кытайлык компаниялар Муаммар Каддафиге режими бошоңдой баштагандан тарта каруу-жарак сатпаган. Бул жөнүндө Кытайдын Тышкы иштер министринин өкүлү Цзян Юй (Jiang Yu) бүгүн маалымдады. Жекшемби күнү Канаданын The Globe, Mail гезиттери, бүгүн “Нью-Йорк Таймс” басылмасы Кытай компаниялары июлдун аяк ченинде Каддафинин күчтөрүнө кеминде 200 миллион долларга курал-жарак сатууну сунуш кылганын жазышкан эле.
Цзян Юй айымдын билдиришинче, ырас, Каддафинин чабармандары июлда Бээжинге келип, кытайлык компанияларда болгон, лекин эч кандай келишим түзүлбөгөн жана Ливияга курал жөнөтүлбөгөн.
Кытай Батыш өлкөлөрү сыяктуу ливиялык козголоңчулардын Улуттук Утурумдук Кеңешин Ливиянын мыйзамдуу өкмөтү деп тааныган эмес.