Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Абакировдун абактан чыгышында сыр барбы?


Максат Абакировдун бул сүрөтүн жергиликтүү айрым интернет булактары "Ачык саясат" гезитиндеги маеги менен кошо жарыялашты.
Максат Абакировдун бул сүрөтүн жергиликтүү айрым интернет булактары "Ачык саясат" гезитиндеги маеги менен кошо жарыялашты.

“Водолаз” деген каймана ат менен таанымал Максат Абакиров былтыр сентябр айында кармалган.

Абакиров былтыр кылмышка шектүү деп колго түшүрүлүп, бир жылдан бери Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында кармалып турган. Бишкектин Биринчи май райондук соту ушул жылдын июл айында аны эки жыл үч айга эркинен ажыраткан. Сот органдары анын жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу боштондукка чыкканын билдирүүдө. Анткен менен муну шайлоо алдындагы саясий чечим деп эсептегендер да жок эмес.

Жогорку Сот: жазасын толук өтөп чыкты

Жогорку Соттун малымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин айтымында, Максат Абакиров жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу боштондукка чыгарылган.

- Максат Абакиров коопсуздук кызматынын убактылуу абагында он айдан ашык убакыт отурган. Абакта отурган бир күн үч күн болуп эсептелгенине байланыштуу жаза мөөнөтүн өтөп бүттү делип бошотулган.

Максат Абакировдун мыйзам чегинде боштондукка чыккандыгын Улуттук коопсуздук кызматы да ырастоодо. Атайын кызмат ошондой эле ал Эгемендиктин жыйырма жылдыгына арналган мунапыска ылайык, боштондукка чыкты делген маалыматты четке какты.

Максат Абакиров былтыр сентябр айында кылмышка шектүү катары Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. Ага адам өлтүрүүгө катышкан, каракчылык кылган жана мыйзамсыз курал алып жүргөн деген айыптар коюлган. Бирок ушул жылдын июль айында Биринчи май райондук сотунда мыйзамсыз курал алып жүргөнү боюнча гана күнөөлүү деп табылып, эки жыл үч айга эркинен ажыратылган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Ал эми коюлуп жаткан башка айыптар сотто далилденген эмес.

Максат Абакировдун жактоочусу Сырдашбек Жакыпов буларды билдирди.

- Болбогон 241-берене менен соттолгон. Автомат көтөрүп алып жүрөт деген айып менен күнөөлүү деп табылып, эки жыл үч айга эркинен ажыратылган. Белгиленген мөөнөттү жатак түрүндөгү түрмөдөн өтөсүн деп айтылган. Убактылуу кармоо жайында отурган бир күнү жатак түрмөнүн үч күнүнө эсептелет. Ошон үчүн сот жазасын өтөп бүттү деп бошотту.

Шайлоо алдындагы жүрүшпү?

Ошол эле кезде жалпыга маалымдоо каражаттары Максат Абакировдун боштондукка чыгарылышын алдыдагы шайлоого байланыштырат. Анын президенттик шайлоодо кылмыш дүйнөсүнүн башын бириктирип, кайсы бир талапкерге иштеп бериши мүмкүн экендигин да айтышууда.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев алдыдагы шайлоодо криминалдын таасири болорун белгиледи.

- Өз убагында Камчы Көлбаевди да ушундай эле мөөнөтүн бүткөн деп койо беришкен. Кийин кайра сотко берип, “жок, биз туура эмес койо бериптирбиз” дешти. Чынын айтыш керек, криминал шайлоодо таасир этет. Анткени кылмыш дүйнөсү дагы бүгүнкү күндө коррупциянын деңгээлиндеги өзүнчө бир механизм. Алар чоң чиновниктик бюрократиядагы схемаларга таасир этет. Ошон үчүн алар алдын-ала бийликчил талапкерди колдошот.

Ал эми укук маселелери боюнча серепчи Кубатбек Кожоналиев бул жерде саясий чечим болду дегенге негиз бар деп ойлойт:

- Эң негизгиси укуктук жагы каралышы керек. Убактылуу кармоо жайларында чечимдери кабыл алынбай канчалар жатат. Эмнегедир буларга чечимдер кабыл алынып, башкаларга кабыл алынбай жатат. Ошон үчүн бул саясий чечим болдубу деген суроонун негизи барбы деп ойлойм.

Анткен менен Абакировдун жактоочусу Сырдашбек Жакыпов мындай пикирлерди четке кагууда.

-Максат Абакиров деген жөнөкөй эле бир жаран да. Муну саясий чечим кылып, жөндөн-жөн эле ЖМКлар, укук коргоо органдары, ИИМ, УКМК жана соттор аны өзүнчө эле бир чоң адам кылып салып жатат. Максат өзүнүн табитинде эч кандай бир саясий иштерге кийлигишпейт. Ал саясатчы эмес.

Максат Абакиров Ички иштер министрлигинин маалыматында, буга чейин кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делинип келген Рысбек Акматбаевдин тобунун активдүү мүчөсү деп айтылып жүрөт. Ал Кыргызстанда “Водолаз” деген каймана ат менен да белгилүү.

Абакиров 2007-жылы Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин коюп, утуп чыккан. Бирок мандатын тапшыруу кечиктирилип, кийин ал чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарап кеткен.

Айта кетсек, кыргыз бийликтери быйыл жыл башынан тарта кылмыш дүйнөсүнө согуш жарыялагандыгын жар салып, аны 170тей өкүлү кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG