Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

ЕККУ прокуратура кызматкерлерин окутуп жатат


Ар кандай кыйноолордон жабыркагандарды коргоо, тергөөдө жана сотто кылмыш иши каралып жатканда мыйзам сакталышына көзөмөл кылуунун эл аралык талаптарын колдонуу маселеси ЕККУ көмөгү менен өткөрүлүп жаткан үч күндүк окуу-семинардын башкы темалары болмокчу. Азырынча бул окууга Башкы прокуратуранын жыйырма бештей кызматкери тартылды.

ЕККУнун Бишкек борборунун жетекчи орун басары Лилиан Дарийдин белгилөөсү боюнча прокуратура кыйноолорду иликтөөдө чоң рол ойногондуктан, аларды бул багытта окутуунун адам укугунун корголушунда зор мааниси бар.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жети ай ичинде 34 кыйноо фактысы катталган. Алардын белгилешинче, кыйноолорду жаап-жашырууда прокуратура кызматкерлеринин да ролу чоң.(ZKo)

XS
SM
MD
LG