Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Коогалаңда жабыркаган ишкерлерге насыя берүү убактылуу токтоду


Мындай чечимди Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы кабыл алды. Аталган дирекциядан «Азаттыкка» маалымдашкандай, буга июнь коогалаңында жабыркаган ишкерлердин кошумча тизмеси пайда болуусу себеп болгон. Маалыматта айтылгандай, кошумча тизме боюнча Ош шаарында 1700, Жалал-Абат шаарынан 383 ишкер июнь окуясы учурунда жабыркаган. Бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилмейинче буларга 50 миң сомдон насыя берүү токтоп турат, буга чейин дирекция тарабынан 1855 ишкерге 50 миң сомдон насыя акча берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG