Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Министр Ташбаев: мамкызматчыларды кыскартуу керек


Экономиканы тескөө министри Учкунбек Ташбаев бүгүн өкмөт жыйынында казынаны мамлекеттик кызматтагыларды кыскартуу менен үнөмдөө демилгесин көтөрдү. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча кыска мөөнөтүү программасынын алкагында сүйлөп жатып министр 2012-2014-жылы бюджет таңсыктыгы 27 миллиард сомго чейин бараарын божомолдоп, мамлекеттик кызматтагылар үчүн чыгымдар көп болоорун айтты.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда мамлекеттик кызматта 28 миң адам отурат.

Жаңы сунушка ылайык, Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, мамлекеттик кызматка келишимдик негизде кабыл алуу жобосун киргизүү зарыл. (ЕК)

XS
SM
MD
LG