Венгриянын парламенттик комитети мурдакы премьер-министр Ференц Гурчианини кол тийбестик укугунан ажыратууну сунуш кылды. Бул жөнүндө өкмөттүк MTI агенттиги парламенттин иммунитет боюнча комитет башчысына шилтеп билдирди. Прокуратура социалисттик партиянын мүчөсү Гурчианини премьер-министр кезинде казиного инвестиция салууда мыйзам бузууга жол берди деп шектенүүдө.