Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

«Сотторду тазалоо кыймылы»: президент жана ЖК жоопко тартылсын


Кыймыл 6-сентябрда Башкы прокуратурага кайрылып, Сотторду тандоо кеңешин өздөрү каалагандай түзүү менен парламент Башмыйзамды одоно бузган, ал эми президент мыйзам боюнча соттук корпусту толугу менен кызматтан бошотуп, андан кийин гана сотторду тандоо ишин баштоого тийиш деген жобону аткарбай, мыйзам чегинен чыгып кеткен деп билдирди. "Бул үчүн президент да, Жогорку Кеңеш да жоопкерчиликке тартылууга тийиш" деп айтылат кыймыл тараткан билдирүүдө. Ошондой эле анда парламент Сотторду тандоо кеңешине жарандык коом өкүлдөрүн сунуштоонун ордуна ар бир партия өздөрүнүн өкүлдөрүн жылдыруу менен мыйзамды одоно бузганы, алар сунуштаган өкүлдөрдүн ичинде мурда кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылган адамдар менен кошо башка өлкөлөрдүн жарандары да бар экени айтылат.
Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Кеңештин 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекитилген. Ага ылайык, бул кеңешке 24 адам кирип, төрагалыкка Замирбек Базарбеков шайланган. Кийинчерээк жарандык коомдун кысымы менен ал төрагалыктан кетип, ордуна кеңештин мүчөсү Шамарал Майчиев шайланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG