Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кыргызстанда Ага Хан академиясы ачылат


Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусуов бүгүн Ага-Хан корунун жетекчиси Нуржехан Мавани менен жолукту. Расмий маалыматка ылайык, анда академия ачуу тууралуу сөз болду. Маванинин айтымында, бул жатак мектеп тибинде болот жана анда тандалып алынган зээндүү 1200гө чейин окуучу билим алат. Аталган фонд бул билим берүү жайын курууга 50 миллион доллар жумшаганы жатат.

Мындай академия азыр 14 өлкөдө ачылган. Ага Хан кору Нарында университет куруп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG