Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Газдын баасы жогорулады


Сентябрь айынан тарта газдын баасы 9 тыйынга көтөрүлгөн. Натыйжада учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү үйлөрүндө атайын эсептөөчү аппараттар орнотулган кардарлар үчүн 1 куб метр газдын баасы 14 сом 58 тыйын болуп жатат. Ал эми түштүк аймакта 14 сом 19 тыйынды түзүүдө. “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматкери Жайнагүл Максимова бул жагдайдын себебин доллардын курсуна байланыштуу экенин ачыктады. Жыл башынан бери Өзбекстан Кыргызстанга бере турган газдын баасын кыйла көтөргөн. Июль-август айларына чейин миң куб метрдин баасы 278 долларга чыгып кетти. Натыйжада Өзбекстандан келе турган газдын баасы жыл башынан бери 24 пайызга өскөн.(КKs)

XS
SM
MD
LG