Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Кадамжайда Сотторду тандоо кеңешине нааразылык айтылууда


Ушул тапта Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук сотунун имаратанын алдында нааразылык акциясын уюштуруп он чакты адам турат. Алар Сотторду тандоо кеңешинин райондук судьянын милдетин аткаруучу Космосбек Сыдыков боюнча чыгарган чечимине макул эмес. "Сыдыков буга чейин коррупциялык иштерге аралашып, колунда кичине баласы бар аялды камакка алдырган, кийин ал аял акталып чыккан. Мындай адам Жогорку сотто иштөөгө татыктуу эмес", - деп билдирди "Азаттыка" митингдин катышуучусу Маматкадыр Абдугапаров. Сыдыков Космосбек тарабынан азырынча комментарий бериле элек. Ал Сотторду тандоо кеңешинен жана мамлекет башчысынын тандоосунан өткөн 14 талапкердин арасында. Эгер Жогорку Кеңеш макулдугун берсе, Жогорку Соттун судьясы болуп дайындалат.

XS
SM
MD
LG