Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Каддафи Нигерге качпагандыгын билдирди


Ливиянын мурдагы жол башчысы Муаммар Каддафи өзүнүн коңшулаш Нигер өлкөсүнө качкандыгы тууралуу божомолду «жалган» деп четке какты.

Сириядагы Аррай Оруба сыналгы каналына телефондон сүйлөгөн сөзүндө Каддафи мындай кабарларды «психологиялык курал» деп мүнөздөп, НАТО да, өлкөнү «басып алган келемиштер» да жеңилет деди. Нигердин тышкы иштер министри эгер Муаммар Каддафи өлкөгө кирсе, аны эмне кылышты ойлонуп жаткандыгын билдирди. Каддафиге Эл аралык Кылмыш Соту бир канча оор айыптоолорду койгон.

XS
SM
MD
LG