"Азаттыктын" түркмөн кызматы билдиргендей, Түркмөнстанда мектеп окуучулары ата-энеси, бир тугундары менен катар, андан мурдагы эки мууну тууралуу формулярды толтурушу керек.
Ал эми мектеп босогосун биринчи жолу аттаган бөбөктөр бир туугандары, ата-энеси, чоң ата-эне, таята, таенеси кайсы улуттан, качан жана кайда туулгандыгы, иштеген иши, жашаган жери жана түрмөгө түшкөн-түшпөгөндүгү тууралуу кеңири маалымат берүүгө тийиш.
Түркмөн бийликтери бул жаңы талаптын максатын түшүндүргөн жок. Маркум президент Сапармурат Ниязовдун тушунда мамлекеттик кызматка кирүүнү каалагандар жети атасы боюнча формуляр толтурууга милдеттүү эле. Өкмөт мындай маалымат мамлекеттик кызматтарда түпкүлүктүү түрмөн улутундагылардын гана иштешин камсыз кылуу максатын көздөөрүн жарыялаган.