Үрөн болуучу буудай атайын тендердин негизинде кайра эле дыйкандардан сатылып алынат деп билдирди аталган коомдун түштүк аймак боюнча координатору Бакыт Шатманов “Азаттыкка”. Тендерге 7 облустун айыл чарба кооперативдери, дыйкан чарбалары катыша алышат. Алардан сатылып алынган 300 тонна үрөн Ош, Жалал-Абат, Кызыл-Кыя шаарларындагы муктаж дыйкандарга берилет. Түрк кызыл ай коому жазында түштүктөгү дыйкандарга пахта үрөнүн, кийинчерээк минералдык жер семирткич таратып берген.(ZKo)