Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

"Манас" университетин түрк жараны башкарат


Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректорлук кызматын мындан ары түркиялык тараптын өкүлү аткарат. Ректор болуп буга дейре ушул эле окуу жайда биринчи проректорлук кызматты аркалап келген профессор, доктор Себахаттин Балчи дайындалып, үч күндөн бери иштеп жатканын "Азаттыкка" университеттин коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Пусурманова маалымдады. Ал эми биринчи проректор болуп инженердик факультетти түптөгөн тажрыйбалуу окумуштуу, Европада окуп, билимин өркүндөтүп келген техника илимдеринин доктору, профессор Асылбек Кулмурзаев дайындалды. "Манас" университетинин Бишкекте ачылганына быйыл 16 жыл болду. Аны Түркия өкмөтү курган жана каржылоонун 99 пайызын өз моюнуна алып келатат. Буга чейин университетти кыргызстандык тараптын өкүлү башкарып келчү. Жаңыча шартта иштөөнү ушул жылдын апрель айында Анкарада өткөн жолугушуусунда эки өлкөнүн өкмөт башчылары макулдашышкан болчу. Университетте 3,5 миң студент окуйт, алардын 95 пайызы - Кыргызстандын жарандары.

XS
SM
MD
LG