Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

HRW: Хомстагы ооруканадан 18 бейтап күчтөп чыгарылды


Сирияда коопсуздук күчтөрү Хомс шаарындагы ооруканадан 18 бейтапты күч менен алып чыгышты

Хомста аскерий операциялар маалында өкмөттүк күчтөрдүн колунан бери дегенде 20 киши өлүп, ондогон адамдар жарадар болгон.

Бул тууралуу Human Rrights Watch укук коргоо уюму ишембиде тараткан билдирүүдө кабарланат. Ошондой эле жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, коопсуздук күчтөрү жарадарларга медициналык жардам көрсөтүүгө тоскоолдук кылышкан.

Улуттар Уюмунун баасында, Сирияда март айынан бери уланган президент Башар ал-Асаддын бийлигине каршы митингдерде эки миңден ашуун киши набыт болгон.
XS
SM
MD
LG