Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Интерпол Муаммар Каддафини кармоого буйрук чыгарды


Муаммар Каддафи менен чогуу анын уулу Сеиф ал-Ислам жана Ливиянын аскерий чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчиси Абдуллы ал-Сенуссини кармоого ордер берди. Аты аталган үчөөнү Эл аралык кылмыш соту издеп, кармоого өкүм чыгарган.

Интерпол алардын кайда экендигин аныктоого көмөктөшүү өтүнүчү менен 188 өлкөгө кайрылган.

Соңку маалыматта Кададфинин бир топ жактоочулары Нигерге өтө качканы кабарланган. Ал эми Каддафинин кайда экендиги дагы эле белгисиз. Кечээ тараткан аудио кайрылуусунда Каддафи Ливияда экендигин жарыялаган.

Ливиянын жаңы бийлиги мурунку режимдин жактоочулары ээлеп турган шаарларда тартипти орнотуу аракетин көрүүдө.
XS
SM
MD
LG