Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Шайлоонун таза өтүшүндө ЖК ролу талкууланууда


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкекте
президенттик шайлоонун таза өтүшүндө парламенттин ролун талкуулаган форум өтүүдө. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрага орун басары Асылбек Жээнбеков, бир катар депутаттар, ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү катышууда. Форумга президенттик аппарат, саясий жана жарандык, эл аралык уюмдардан өкүлдөр чакырылган. Форум Саясий партиялар парламенти тарабынан ЕККУнун колдоосу менен уюштурулду.

Форумда сүйлөгөн сөзүндө, ЖК төрага орун басары Асылбек Жээнбеков Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көнул чордонунда турганын айтып, “таза шайло өткөрүү - өнүгүүнүн башаты болот”, - деди.

Ал эми иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Роза Акназарова 20 жылдан бери Кыргызстанда таза президенттик шайлоо өтө электигин белгилеп, парламент "колунан келгенин жасаганын", шайлоонун калыс өтүшү үчүн мыйзамдык негиздер иштелип чыкканын айтып, анын эми иш жүзүнө гана ашыруу керектигин кошумчалады.

Бишкектеги ЕККУ өкүлү Эндрю Тесорьер форум Кыргызстан үчүн маанилүү мезгилде өтүп жатканын белгилеп, алдыдагы шайлоодо ЕККУ Кыргызстанга колдоо көрсөтөрүн кошумчалады. (ЕК)

XS
SM
MD
LG