Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Жалал-Абадда укук коргоочу Молдосали Ибраимов каза тапты


Узакка созулган айыккыс рак оорусунан журналист жана укук коргоочу Молдосали Ибраимов 54 жашында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү кечээ жерге берилгенин “Азаттыкка” анын кесиптеши, журналист Жалил Сапаров билдирди.

Ибраимов жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен тыгыз иштешип, бийлик жана милиция өкүлдөрүн сындаган макалалары менен белгилүү болчу. Ал кесиптик ишмердигине байланыштуу “сот органдары тарабынан басымга кабылып, камакка да алынып, кийин бошотулган”, - деп эскерет Сапаров. (ЕК)

XS
SM
MD
LG