Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Кыргызстанда АКШдагы 2001-жылкы террордук чабуулдун курмандыктары эскерилди


Бишкектеги “Манас” транзиттик борборунда уюштурулган иш-чарада президент Роза Отунбаева Кыргызстан 3000дей кишинин өмүрүн алып кеткен окуяга байланыштуу АКШ элинин кайгысын тең бөлүшөрүн айтты. Президент бул окуядан кийин Кыргызстанга “Манас” авиабазасынын жайгаштырылышын – дүйнөлүк коомчулуктун терроризмге каршы күрөшүү аракетине Кыргызстандын кошкон маанилүү салымы катары баалады.

Роза Отунбаева былтыркы июнь коогасында колдоо көрсөткөндүгү АКШга үчүн ыраазычылык билдирди. АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ларри Меммот он жыл мурунку террордук чабуулдан кийин кыргыз тараптын колдоосу үчүн АКШ өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирип, террорчулардын коомчулукка бүлүк салуу аракети ишке ашпай калгандыгын, тескерисинче дүйнө эли аларга каршы күрөшүүгө бириккенин белгиледи.

Эскерүүнүн катышуучулары 11-сентябрдагы террордук чабуулдан кийин куткаруу иштери учурунда каза тапкан ньюйорктук өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Питер Гансинин эстелигине гүл коюшту. Иш-чарага кыргыз президентинин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, дипломатиялык миссиянын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. (AzK)

XS
SM
MD
LG