Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча бириккен борбордун базасында бул күндөрү окууну быйыл бүткөн офицерлер үчүн окуу өтүп жатат. Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуу 16-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын Аскерий институтун жана Казакстан, Орусия, Азербайжандын окуу жайларын аяктап келген жүзгө жакын офицер катышууда. Негизги максат - Кыргызстандын шартында аскерий кызмат өтөөнүн негиздери менен таанышуу.