Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Ошто жер сурагандар митингге чыгышты


"Азаттыктын" Оштогу кабарчысынын маалымдашынча, бүгүн Ош облустук администрациясынын алдында 20га жакын адам чогулуп, алты айдан бери жер ала албай жатканынан улам нааразылык билдиришти. Өз жери жок болгондуктан, алар бир нече жылдан бери шаардын ичинде жана чет жакаларында батирде ижара акысын төлөп жашап келатышкандыктарын айтышты.

Митингге чыккандар менен облустук администрациянын аппарат жетекчиси жолугуп, губернатор азырынча иш ордунда жок экенин айтты. Митингчилер эки күндөн кийин өз акциясын кайрадан улантмай болушту. (RK/MTo)

XS
SM
MD
LG