Дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ инфекциясына чалдыккан балдардын ата-энелери нааразылык акцияларын уюштурууну көздөп жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн "Лайф плюс" коомдук уюмунун жетекчиси Алтынай Галиева маалымдады. Анын айтымында, ошол дарыгерлер али күнчө кызмат орундарынан кетпей, иштеп жатышат. Ата-энелер мамлекеттен социалдык маселелерди чечип берүүнү да талап кылышат. 2007-жылы Ош облусунун Ноокат райондук ооруканасында 40тан ашык ымыркай ВИЧ инфекциясына чалдыккан. (RK)