Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн буруу максатында 8-октябрда атайын акция өтөт. Атайын унаа менен Бишкектин борбордук көчөлөрүн кыдыруу болот. Буга чейин мындай иш-чара эки жолу уюштурулган болчу. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда майып балдардын саны 20 миңден ашат. Алардын дээрлик баардыгы эл катары окуп, тарбия алып, эс алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган.