Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Британ премьери орус бийликтери менен сүйлөшүү өткөрдү


Дэвид Кэмерондун бүгүнкү бир күнкү сапары британ премьеринин Орусияга 2005-жылдан бери алгач ирет келиши болду. Бул сапар 2006-жылы Лондондо Кремлдин сынчысы Александр Литвиненко ууландырылып өлтүрүлгөндөн кийин бузулган мамилени жандандыруу максатын көздөйт. Орус президенти Дмитрий Медведев бүгүн Кэмерон менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында Орусия Британияга Литвиненконун өлүмү үчүн шектелген Андрей Луговойду өткөрүп бербей турганын дагы бир жолу кайталады:

- Тигил же бул проблемага, анын ичинде Литвиненконун ишин иликтөөгө көз карашыбыз ар башка экендигин моюнга алуубуз керек. Бул укуктук системабыздын бөлөктүгүнөн улам. Бирок бул башка байланыштарга тоскоолдук кылбоосу керек. Талап кылынса, албетте, улуттук мыйзамдарыбызга таянуу менен кайсыл маселе болбосун талкуулоого даярбыз.

Ал эми британ премьери өз тарабынан анын өлкөсү Литвиненконун өлүмү үчүн шектүү адам жоопко тартылышын талап кылууну улантарын белгиледи. Ага чейин Дэвид Кэмерон Москва мамлекеттик университетинде сүйлөгөн учурунда Орусия менен Британиянын алакасы татаал болгонун моюнга алды. Кремлде эки лидер Модернизация үчүн өнөктөштүк декларациясына кол коюшту, мындан сырткары бир катар ишкер келишимдер да түзүлдү.

Дэвид Кэмерон бүгүн орус өкмөт башчысы Путин менен да сүйлөшүү өткөрдү. Бул - британ саясатчысы же дипломаты Путин менен акыркы төрт жылда алгач ирет кездешкен учур. Британ премьеринин кеңсеси билдиргендей, азыркы иш сапар учурунда 345 миллион доллардык ишкер келишимдерге кол коюлары күтүлгөн.

XS
SM
MD
LG