Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Күч түзүмдөрүнүн Байкоочу кеңештери биргелешкен отурумга чогулат


Отурумга мамлекет башчы Роза Отунбаева катышат. Анда Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, алардын коомдогу аброюн арттыруу боюнча сөз болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" маалымдашты.

Мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй турган байкоочу кеңештер президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен өткөн жылдын ноябрь айынан тарта түзүлө баштаган. Бул кеңештер мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү, каражаттардын туура сарпталып жатышына коомдук көзөмөлдү орнотуу максатында бардык министрликтерде түзүлгөн. Бирок айрым Байкоочу кеңештер өздөрүнө тиешелүү озуйпасын жеткиликтүү деңгээлде аткара албай келе жатканына сын пикирлер да айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG