Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Садыркуловдун өлүмүнө шектүү 16 адам кармалды


Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу 16 адам кармалды. Алардын арасында бир генерал бар. Булардан тышкары бул ишти жашырган деген айып Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Темирбаев Нурланга да коюлууда. Темирбаев Нурлан апрель окуясына байланыштуу Кылмыш Кодексинин киши өлтүрүү, кызматынан аша чабуу беренелери боюнча айыпталып, былтыр 20-июлда камакка алынган.

Турганбаевдин айтымында, Садыркулов атайын берилген буйруктан каза тапкан. Буюртма берген адам катары мурдагы президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын буга чейинки жетекчиси Жаныш Бакиевдин аты аталды.

Медет Садыркуловдун өрттөлгөн сөөгү 2009-жылдын март айында, президенттик администрациядан кеткенине бир нече ай болгондон кийин табылган. Аны менен чогуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченконун жана Кубат Сулаймановдун да сөөктөрү табылган.

XS
SM
MD
LG