Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Йемендин түштүгүндө жардыруу болду


Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарында шаршембинин кечинде жергиликтүү полициянын жана коопсуздук кызматынын имаратынын астында 2 жардыруу болду. Алдын ала малыматтарга караганда, күч кызматтары ок чыгарган учурда бир жөнөкөй тургунга кокусунан ок жаңылган.

Ушул эле күнү Йемендин Абьян провинциясында өкмөттүк аскерлер менен “ал-Кайидага” байланышы бар куралдуу топтор ортосунда аткылашуу болгону да кабарланды. Май айынан бери бул аймактын кээ бир бөлүктөрүн “ал-Кайида” менен байланышы бар куралдуу топтор көзөмөлдөшөт. Акыркы суткада өкмөттүк күчтөр жана согушкерлердин колунан 14 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG