Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Ливиянын жаңы бийлиги куралга муктаж


Жаңы бийлик Ливия аймагында Муаммар Каддафинин күчтөрүн толук жок кылуу үчүн Батыш өлкөлөрүнөн курал-жарак сурады. Триполиде сапарда жүргөн АКШ мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш боюнча жардамчысы Жеффри Фелтман менен жолугушууда Ливиянын өткөөл өкмөтүнүн жетекчиси Мустафа Абдел Жалил “Каддафинин колунда өлкөнүн алтын корун пайдалануу укугу калууда, ал мындан пайдаланып, жаңы бийликке каршы жалданма аскерлерди алып жатат” деди.

Бейшембиде Триполиге Ливиянын жаңы бийлиги менен сүйлөшүү үчүн Франция президенти Николя Саркози келээри айтылууда.

XS
SM
MD
LG