Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Мал доктурлар жыйын өткөрүп жатышат


Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мал доктурлар чогулуп, ветеринардык иштин азыркы абалы, көйгөйлөрү, келечегин талкуулап жатышат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Айыл чарба министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкери Ирена Байтанаева маалымдады.

Иш-чара Европа биримдиги жана Дүйнөлүк банктын колдоосу астында өткөрүлүп жатат. Ага 100гө жакын адам катышууда.

Мамлекеттик ветеринария департаментинен "Азаттыкка" маалымдашкандай, Союз учурундагыдай ар бир айылда мамлекеттен каржыланган мал доктур азыр жок. Болгондору айыл өкмөтүнүн балансында турушат. Бирок алардын саны өтө эле аз.

Совет мезгилинде 800 баш малга 1 дарыгер жана 1 фельдшер туура келсе, учурда Кыргызстанда 1 миңден ашык жеке жана мамлекеттик ветеринария тармагындагы 1,5 миң кызматкерге 6 миллионго жакын уй, кой баласы жана чочко, жылкы туура келет. Жалпысынан алганда, мал доктурлар менен өлкө 30 гана пайызга камсыз болгон. Ал адистердин орточо курагы 50-55 жаш.(RK)

XS
SM
MD
LG