Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Эштон айым Жакынкы Чыгышта дагы калат


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштон Жакынкы Чыгыштагы сапарын да узартты. Максат - Палестинанын өзүн мамлекет деп таануу боюнча Бириккен Улуттар уюмуна кайрылуусун токтотуу.

Палестиндер БУУнун Башкы Ассамблеясынын 20-сентябрда ачылчу сессияда уюмга 194-мүчө болуп өтүүгө даярданышууда. Буга АКШ жана Израил каршы.

27 мүчөлүү Евробиримдик Палестин автономиясынын эң чоң донору. Палестиндердин төбөлсүз мамлекет болуусун Биримдиктин айрым мүчөлөрү колдойт. Ошондуктан бул маселе Улуттар уюмунда колго салынса, Евробиримдикке жик салышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG