Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Президент судьялар боюнча сунушун кайра чакыртып алды


Мамлекет башчысы Роза Отунбаева Жогорку соттун судьялыгына 14 талапкерди шайлоо жөнүндөгү сунушун Жогорку Кеңеш тарабынан каралганга чейин кайра чакыртып алды.

Президент мындай чечимин Жогорку соттун судьяларын шайлоону улантуу жөнүндө депутаттардын курч талашы - тирешүү жаратышы мүмкүн деп түшүндүрдү.

Роза Отунбаеванын оюнча, мындай кырдаал Жогорку Кеңеште добуш берүүгө терс таасир тийгизип, ал эми судьялыкка талапкерлер негизсиз жапа чегип калышы мүмкүн.

Апрель окуяларынан кийин бийликке келген өлкө жетекчилиги Кыргызстанда чыныгы эркин жана компетенттүү сот системасын негиздөө үчүн Сотторду тандоо кеңешин түзүү чечимин кабыл алган. Ал кеңеш тандаган судьялыкка талапкерлерди президент карап чыккандан кийин парламентке сунуштайт. Соңку жолу мамлекет башчысы Жогорку Соттун судьялыгына 14 талапкерди сунуштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG