Казак өкмөт башчысы Карим Масимов 16-сентябрда Кыргызстанга жасаган бир күндүк иш сапары учурунда кыргыз президенти Роза Отунбаева жана премьер-министри Алмазбек Атамбаев менен жолугушат.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Кыргызстан-Казакстан ортосундагы отун-энергетикалык, соода-экономикалык жана башка ар тараптуу кызматташуу маселелери каралат. Аягында бир катар документтерге кол коюлары айтылууда.
Талдоочулар апрель окуяларынан кийин кыргыз-казак мамилеси бир тараптуу салкындап кеткенин белгилеп келишет. (ZKo)