Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Парламент 5-каналдын маселесин карайт


Телевизиондук 5-каналдын парламенттин ишин чагылдыруу үчүн каттоодон өтпөй калышынын расмий себебин билүү максатында депутаттар бул маселени бүгүнкү жыйындын күн тартибине кошумча киргизүү тууралуу чечим кабыл алышты. Ал аккредитациядан эмне себептен өтпөй калганы тууралуу парламенттин аппарат жетекчиси айтып берет.

Төрага Ахматбек Келдибековдун билдирүүсүнө шилтеме берип таратылган маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңеш 5-каналга бир жактуу маалымат таратып жатат деп кине коюуда жана телеканалдын макамын аныктоо керек деген жүйөнү да бетке кармоодо.

Медиа эксперттер муну сөз эркиндигине кол салуу деп баалап жатышат.

Июнь айында депутаттар 5-каналды парламенттик каналга айландыруу тууралуу токтом кабыл алып, бирок ал президенттен колдоо таппай калган болчу.Каналдын жетекчиси Евгения Бердникова “Азаттыкка” парламенттен 5-каналдын журналисттерин каттабай коюу себептери тууралуу юридикалык негиздерге таянган эч кандай расмий кат келе электигин билдирди.(RK)

XS
SM
MD
LG