Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Польшада каржылык каатчылык талкууга алынат


Польшанын Вроцлав шаарында бүгүн Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн жана АКШнын каржы министрлери жыйынга чогулушат. Анда АКШнын каржы мекемесинин башчысы Тимоти Гайтнер Евробиримдикке кирген өлкөлөрдү Европанын кээ бир өлкөлөрүнүн насыялык катчылыгы менен күрөшүү үчүн туруктуулук коруна кошумча каражат бөлүүгө чакыруу ниети бар экени айтылды.

15-сентябрда белгилүү болгондой, Европанын Борбордук банкы башка европалык банктар, анын ичинде АКШнын федералдык сактоо системасы менен ишти активдештирүү ниети бар. Бул каржы кризиси менен күрөшүү үчүн бириккен чараларды көрүүгө болгон аракет.

Эл аралык валюта корунун башчысы Кристин Лагард европалык банктын мындай чечимин кубаттады.

XS
SM
MD
LG